НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

                                                    НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                 

                             XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXVI  СЕССИЯСЫНЫН

                                                                   №  1  ТОКТОМУ

     28-октябрь   2015-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Нарын  шаардык Кеңешинин “Республика” фракциясынын депутаттары  Жаанбаев  Улан Жунусович, Айтиев Улан Жамансартович, Жолдошбеков Максат Жолдубаевич, Орозакунов Узакбек Ажымүдүнович жана “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Аскаров Эрлан Алсеитовичтер  өз арыздарынын негизинде  мандаттарын тапшырып кеткендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү   боюнча борбордук комиссиясынын №143 токтому менен  кийинки кезектеги депутаттар “Республика” фракциясынан  Калиева Мунира Тураровна ,Өмүракунов Нарынбек Нурдинович,  Курманов Давид Усенбекович, Чынгышев Жанарбек Сатыгулович жана “Ата- Мекен” фракциясынан  Сыдыков Жолдошбек  Сыдыковичтер депутат деп таанылып, мандаттары берилгендигине байланыштуу, Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын  курамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Нарын шаардык Кеңешинин Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча    туруктуу  комиссиясынын курамына “Ата мекен” фракциясынан  депутат Сыдыков Жолдошбек Сыдыкович жана “Республика” фракциясынан депутат  Чынгышев Жанарбек Сатыгулович   киргизилип,  туруктуу комиссиянын курамы толукталсын.

2.Нарын шаардык Кеңешинин Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын курамына “Республика” фрациясынан депутат Өмүракунов Нарынбек Нурдинович киргизилип,  туруктуу комиссиянын курамы толукталсын.

3.Нарын шаардык Кеңешинин Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча туруктуу комиссиясынын курамына “Республика” фракциясынан  Курманов Давид Усенбекович киргизилип, туруктуу комиссиянын курамы толукталсын.

4.Нарын шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясынын  курамына “Республика” фракциясынан Калиева Мунира Тураровна    киргизилип, туруктуу комиссиянын курамы толукталсын.

5.Жогорудагы депутаттар туруктуу комиссиянын курамына киргизилип, туруктуу комиссиянын курамы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

 

     Төрага                                                                             Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияларга

Добавить комментарий