НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ 

КЕЗЕКТЕГИ  XXVI  СЕССИЯСЫНЫН 

№1  ТОКТОМУ

 

10-ноябрь  2023-жыл                                                                                                                                                                             Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы парктарга, скверлерге, бакчаларга  айкелдерди жана бюсттарды орнотууну чектөө жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине  жана «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары,  наамдарды ыйгаруу боюнча»   туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы  токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы парктарга, скверлерге, бакчаларга инсандардын айкелдерин, эстелик-бюсттарын  орнотууга мындан ары чектөө киргизилсин.
  2. 2016-жылдын 15-сентябрындагы Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезектеги XXXV сессиясынын “Нарын шаарынын РТС аймагындагы Б.Жапаралиев паркындагы “Белгилүү инсандар галереясына” “Кыргыз элине белгилүү болгон инсандардын айкелдерин орнотуу жөнүндө” жобосун бекитүү жөнүндөгү”   №4 токтому күчүндө калтырылат.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча»   туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, облустук юстиция башкармалыгына.

Добавить комментарий