НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ ХХVIII СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

 НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

 КЕЗЕКСИЗ ХХVIII СЕССИЯСЫНЫН

 № 1 ТОКТОМУ

 

29-ноябрь  2023-жыл                                                                                                                                                                        Нарын шаары

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

                 Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, ”Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын 2023-жылдын 28-ноябрындагы №01-17/4017 сунушунун негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен Нарын финансы башкармалыгына республикалык бюджеттин “бирдиктүү салыгынан” келип түшкөн 7 611 600, 00 (жети миллион алты жүз он бир миң алтыжүз) сом акча каражатын өз убагында пайдалануу максатында, 7 586 000,05 (жети миллион беш жүз сексен алты миң беш тыйын) сомду Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) долбоору боюнча алынган кредитти жана калган 25 599, 95 (жыйырма беш миң беш жүз токсон тогуз токсон беш тыйын) сомун Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин филиалына тийешелүү мекеме, ишканалардын карыздарын жабууга бөлүштүрүп, которуп берүүгө макулдук берилсин.
  1. Нарын шаардык мэриясынын буйругунун негизинде бөлүнгөн акча каражатын каржылоо Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                     А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, Нарын регионалдык финансы башкармалыгына, шаардык мэрияга, суу канал ишканасына, жылуулук берүү ишканасына.

5-ТИРКЕМЕ_ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН ЭКОНОМИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕРДЕН ЖАНА КАЛДЫКТАН БӨЛҮНГӨН АКЧА КАРАЖАТТАР

My-best-avto

Добавить комментарий