НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ IV СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  IV СЕССИЯСЫНЫН 

5 ТОКТОМУ

 

5-август  2021-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

 

Жергиликтүү бюджеттин 2021-жылдын 1-январына карата калган калдыктан акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

        Нарын шаарынын жергиликтүү бюджеттин 1-январына карата калган калдыктын эсебинин “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине” ылайык, шаардык мэриясынын сунушунун негизинде жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы  токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджеттин 2021-жылдын 1-январына карата калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен мекемелерге төмөндөгүдөй акча каражаты бөлүнүп берилсин:

а) Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө түзүлгөн дефект актыларына ылайык мектептердин ремонтуна кошумча 240,0 миң сом, мектептердин жана бала бакчалардын от казандарын, жылуулук системаларын күз-кыш мезгилине даярдоого карата бала бакчалардын 1-2-кварталында тамак-аштарынан үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен 1 млн 200 миң сом, №14 “Алтын балалык” балдар бакчасынын ички ремонтуна 35,0 миң сом, А.Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектептин жер алды менен кетүүчү электр кабелдерин толугу менен алмаштырууга 93,0 миң сом;

б) Нарын шаардык суу-канал ишканасынын жумуш убагында кырсыктан каза болгон жумушчуларына компенсация төлөө үчүн жардам катары 280,0 миң сом;

в) Нарын шаардык мэриясына Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун балдар-невропатолог дарыгери Мукашова Алтын Ажыбековнага 2021-жылдын май айынан бери иштеп жаткандыгына байланыштуу жашап жаткан батиринин ижара акысына 24,0 миң сом, Нарын шаарынын тургуну Бакыт кызы Эркайга “Мисс Кыргызстан” конкурсуна катышууга материалдык колдоо катары 30,0 миң сом.

  1. Бөлүнгөн акча каражатын шаардык мэриянын буйругунун негизинде бөлүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына жүктөлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, облустук юстиция башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына;

Добавить комментарий