НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКСИЗ V СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
16-август 2021-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын биринчи вице-мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-бөлүмчөсүнө, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 4-главасынын 4.4-бөлүмчөсүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы №329 токтому менен бекитилген “Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (сынактан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелерине” жана Нарын шаарынын мэринин сунушуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык Кеңешинин сессиясына катышкан 24 депутаттын 17 добушуна ээ болгон “Патриот Ынтымагы” фракциясынын депутаты Джунусов Майрамбек Таласбековичти Нарын шаарынын биринчи вице-мэри кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.
- Токтомду аткаруу Нарын шаарынын мэрине тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, облустук юстиция башкармалыгына;