НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ VI СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
14- октябрь 2021-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык суу-канал ишканасынын 2021-жылдын 9-айында жалпы алып барып жаткан жана Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын “Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоорунун биринчи, экинчи фазасын ишке ашыруудагы иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине жана экинчи жарым жылдык иш-планына ылайык Нарын шаардык суу-канал ишканасынын алып барып жаткан иштери, сууга карата болгон абоненттерден чогулган акча каражаттары жана калкты таза суу менен камсыз кылуудагы 2021 — жылдын 9 айына жүргүзгөн иштери жөнүндө Нарын суу канал ишканасынын жетекчиси С.Эсеналиевдин маалыматын угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын суу канал ишканасынын инженери М.Сакыбаевдин 2021-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча берген маалыматы эске алынсын.
- Нарын суу канал ишканасынын жетекчилиги, участкалык контролерлор тарабынан шаар тургундарынан жана мекеме ишканалардан дебитордук карыздарын өндүрүүгө карата жеткиликтүү аракеттер көрүлсүн, аткарылган иштер боюнча жылдын жыйынтыгы менеен 2022-жылдын январь айында маалымат берилсин.
- Таза суу жана ыплас суу пайдалануучу абоненттердин санын тактоодо мекеменин киреше булагын көбөйтүүдө мекеме тарабынан өзгөчө көңүл бурулбай жаткандыгы белгиленсин.
- Нарын шаарында башталган Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын “Нарын шаарын таза суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоорун аягына чыгаруу иштерин Нарын шаардык суу канал ишканасы колго алсын жана мурунку жетекчилердин жүргүзгөн иши боюнча укук коргоо органдарына берүү жагы Нарын шаардык Кеңеши тарабынан жүргүзүлсүн.
- Нарын шаарында жаз айларында суунун булгануусу кайталанып келгендиктен, суу алуучу жайларды санитардык көзөмөлдөн тез-тезден өткөрүп, шаар элин таза суу менен камсыз кылуу Нарын суу канал ишканасынын башкы милдети деп белгиленсин.
- Нарын суу-канал ишканасынын жетекчисине адистердин маалымат берүүдөгү жана айрым кызматкерлердин (юрист) ишке болгон жоопкерчиликтерин карап көрүү жагы белгиленсин.
- Жай айларында шаардагы көп кабаттуу жана жер үйлөргө суунун басымын өз нормасында келбей жаткандыгын эске алуу менен шаар тургундарына жана мекеме ишканаларга бакчаларды, огороддорду сугарууну арык системалары аркылуу жүргүзүү боюнча массалык маалымат каражаттары, теле берүү аркылуу тушундүрүү иштерин жүргүзүү шаардык суу канал ишканасынын жетекчисине тапшырылысын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, суу канал ишканасына.