НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VI СЕССИЯСЫНЫН №3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  VI СЕССИЯСЫНЫН

3 ТОКТОМУ

14- октябрь 2021-жыл                                                                                                                                                                           Нарын шаары

 

Жергиликтүү бюджеттин 2021-жылдын 1-январына карата калган калдыктан акча каражатын бөлүү жана Нарын шаардык Кеңешинин 2-март 2021-жылдагы “Калдыктан калган акча каражатын бөлүү жөнүндөгү” XXXV сессиясынын №3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

            Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине” жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Нарын шаардык мэриясынын сунуштарынын негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен төмөндөгү мекемелерге акча каражаты бөлүнүп берилсин:

а)  Нарын шаарындагы билим берүү бөлүмүнө №18 Ак-Дил балдар бакчасына 600 кубаттуулуктагы (квт) от казанын алууга 875,0 миң сом, от казанын орнотууга 30,0 миң сом;

      б) Нарын шаардык мэриясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоосун уюштурууга жана материалдык-техникалык жактан камсыздоого 50,0 миң сом, А.Садыков атындагы №9 орто мектебинин мугалими А.Ж.Жолдубаевага эл аралык мугалимдердин сынагынын экинчи туруна катышуу үчүн  Беларусия Республикасынын Минск шаарына баруучу жол киресине 40,0 сом, №17 “Ыйман” балдар бакчасынын тарбиячысы С.С.Басылбековага республикалык “Мыкты тарбиячы” кароо-сынагында 2-орунду камсыз кылгандыгы үчүн 20,0 миң сом, Нарын шаарынын үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын долбоорлорунун иш кагаздарын жасатууга  (ПСД) 150,0 миң сом, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна Нарын шаарынын мүчөлүк акысы үчүн 40,0 миң сом, эркин күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпионатта коло медаль камсыз кылгандыгы үчүн Нарын шаарынын тургуну А.Осмоновго 20,0 миң сом, машыктыруучусу Э.Мамышевге 10,0 миң сом, Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатына 25,0 миң сом.

  1. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин акча каражатынын жетишсиздигине жана иштин учурдагы жагдайына байланыштуу Нарын шаардык Кеңешинин 2-март 2021-жылдагы кезектеги XXXV сессиясынын №3 токтомунун 1-пунктунун “а” бөлүмчөсү менен 2021-жылдын калдыгынан Нарын шаарынын билим берүү бөлүмүнүн компьютерлерине бөлүнгөң 400,0 миң сом, спорттук инвентарынын 200,0 миң сом, окуучудларды олимпиадага даярдоонун 60,0 миң сом, математика, эне тил сабактарынын мугалимдеринин билимин жогорулатуунун 48,0 миң сом, мугалимдердин билимин жогорулатуунун 103,0 миң сом же 811,0 миң сом кыскартылып, Нарын шаарындагы №18 Ак-Дил балдар бакчасына кыш мезгилинин көмүр алуусуна 682,0 миң сому, балдардын тамак ашына 129,0 миң сому бөлүнүп берилсин.
  2. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жана иш алып баруу жагы Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин Нарын башкармасына жүктөлсүн.
  3. Нарын шаарындагы №18 “Ак Дил” балдар бакчасынын ишин өткөрүп алууда кетирген кемчиликтери үчүн жооптуу адамдарга чара көрүү жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын, Нарын шаардык Кеңешине маалымат берсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңшинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына жана Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына,  шаардык мэрияга, финансы башкармалыгына, билим берүү бөлүмүнө.

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий