НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VI СЕССИЯСЫНЫН №4 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  VI СЕССИЯСЫНЫН

4  ТОКТОМУ

 

14- октябрь 2021-жыл                                                                                                                                                                           Нарын шаары

 

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план бекитүү жөнүндө

 

            “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдырынын негизинде жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимине, Нарын шаардык мэриясынын сунушуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн өздүк салымына салык агенти төлөөчү киреше салыгына 3 млн 500 миң сом акча каражаты кошумча план бекитилсин.
  2. Нарын шаарынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине кошумча планды бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен суралсын.
  3. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетине кошумча каралган акча каражаты “Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасы” (MSDSP KG) коомдук фондусу менен Нарын шаардык мэриясы тарабынан үлүштүк инвестициялоо боюнча макулдашуусуна ылайык, Нарын шаарындагы №16 “Ыйман” балдар бакчасынын кошумча 50 орундуу имаратын курууга жумшалсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына жана Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына,  шаардык мэрияга, финансы башкармалыгына, салык кызматына.

 

Добавить комментарий