НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VI СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  VI СЕССИЯСЫНЫН

№ 5 ТОКТОМУ

14- октябрь 2021-жыл                                                                                                                                                                           Нарын шаары

 

Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча жана Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканаларынын шайлоолор учурунда жана үгүт иштерин жүргүзүүдөгү тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдырынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын сунушуна жана “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча жана Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканаларынын шайлоолор учурунда жана үгүт иштерин жүргүзүүдөгү кызмат көрсөтүүдөгү төлөм бааларынын тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
  2. Токтом 2021-жылдын 25-октябрынан баштап күчүнө кирсин жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча жана Таза-Нарын муниципалдык ишканалары тарабынан аткарууга алынсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына,  шаардык мэрияга, ММИге, Таза-Нарынга.

 

 

 

Тиркеме

 

Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча жана Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканаларынын шайлоолор учурунда жана үгүт иштерин жүргүзүүдө кызмат көрсөтүүдөгү төлөм бааларынын тарифтеринин прейскуранты:

 

Аталышы Эски

тариф

Жаңы

тариф

 

1

 

Борбордук аянтча

 

25000 сом

(1 күнгө)

 

2

 

Аялдамалар (даана)

 

3500 сом

5000 сом

(1 айга)

 

3

 

Кичи футбол аянтчалар

 

50 сом

(чарчы метр)

 

500 сом

(чарчы метр)

(1 айга)

 

 

4

Муниципалдык жарнамалык такталар

 

“Таза Нарын”  ишканасынын карамагындагы жарнамалык такталар

 

4000

(бир бети)

 

10000 сом

(бир бети)

(1 айга)

 

5

 

Муниципалдык темир такталар

“Таза Нарын”  ишканасынын карамагындагы темир такталар

 

 

50 сом

(чарчы метр)

 

 

 

500 сом

(чарчы метр)

(1 айга)

 

 

 

            Жооптуу катчы                                                                                                                             А. Абдыкеримов

 

 

Добавить комментарий