НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ VIII СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКСИЗ VIII СЕССИЯСЫНЫН

№ 4 ТОКТОМУ

  16-декабрь  2021-жыл                                                                                                                                                                         Нарын шаары

 

Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын Нарын шаарындагы муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

           Кыргыз   Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик  администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарына Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” жана  “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура курулуш, отун энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссияларынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы  токтом кылат:

  1. Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын Нарын шаарындагы муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүүнүн тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
  2. Нарын шаарындагы муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу, ижарага берүүдөгү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү, ижарага акыларын өз убаганда чогултуу, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга карата бекитилген планды аткаруу Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” жана  “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура курулуш, отун энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
  1. Бул токтом 1-январь 2022-жылдан баштап күчүнө кирет.

 

      Төрага                                                                                                                                                                                А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн:   иш кагазга,  мэрияга,   юстиция   башкармалыгына, туруктуу комиссияларга, ММИге;

 

 

Нарын шаарынын ичинде жайгашкан, муниципалдык менчикте турган жерлерден ижара акыларынын тарифи

Добавить комментарий