НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ VIII СЕССИЯСЫНЫН №7 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКСИЗ VIII СЕССИЯСЫНЫН

№ 7  ТОКТОМУ

 

16-декабрь 2021-жыл                                                                                                                                                                            Нарын шаары

 

    Жергиликтүү бюджеттин 2021-жылдын 1-январына карата калган калдыктан  акча каражатын бөлүү жөнүндө

            Нарын  шаарынын жергиликтүү бюджеттин калган калдыктын эсебинен “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине” ылайык, шаардык мэриясынын сунушунун негизинде жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы  “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.Нарын   шаарынын  жергиликтүү  бюджеттин 2021-жылдын 1-январына карата калган акча   каражатынын  калдыгынын  эсебинен шаардын мекемелерине төмөндөгүдөй акча каражаты бөлүнүп берилсин:

а) №4 “Наристе-Нур” балдар бакчасынын филиалы үчүн пайдаланып келген ижара акысына  же Таалайбек уулу Мирланга түзүлгөн келишимге ылайык 85,0 миң сом;

б) Нарын шаарындагы балдар-уландар спорт мектебине электр энергиясынын карызын  төлөп берүүгө 60,0 миң сом;

в) Нарын шаарындагы социалдык коргоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жардам катары “Кыргыз Көмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан берилген 200 тонна көмүрдү тартып келүү үчүн 280,0 миң сом;

г) Нарын шаарындагы Ж.Шералиев көчөсүнө түнкү жарык фонарларын кою үчүн “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасына 147,0 миң сом;

д) Нарын шаарындагы №16 “Ыйман”  балдар бала бакчасына кошумча курулуучу 50 орундуу имараттын керектүү документтерин (ПСД, АПУ,ИТУ ж.б.) бүткөрүүгө Нарын регионалдык архитектура жана шаар курулушу башкармалыгына  239306 сом;

е) Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө КРнын билим берүү жана илим министрлигинин катына ылайык жиберилген 100 компьютерди  жана 30   проектрлерди орто мектептерге орнотууга жана туташтырууга 106, 0 миң cом.

2.Бөлүнгөн акча каражатын шаардык мэриянын буйругунун негизинде бөлүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн:   иш кагазга,   мэрияга,     юстиция   башкармалыгына,   финансы башкармалышына;  Таза-Нарынга;

Добавить комментарий