НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫНЫН №9 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 

V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ VIII  СЕССИЯСЫНЫН

№ 9 ТОКТОМУ

 

16-декабрь 2021-жыл                                                                                                                                                                          Нарын шаары

Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын Нарын шаардык Кеңешинин сессияларынын токтомдорунун аткарылышына жана ишканалардын жалпы аткарып жаткан иштерине мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө

        «Жергиликтүү мамлекеттик  администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнүн жана 2-бөлүмдүн 2, 5, 10-пункттарынын, 37-беренесинин  1-бөлүмүнүн 3, 5-пункттарынын негизинде жана Нарын шаардык Кеңешинин 2021-жылга карата иш-планына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:                                         

  1. Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын директору Чымылдаков Эмилбек Назарековичтин берген маалыматы эске алынсын.
  2. 2021-жылдагы 5-августундагы Нарын шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги IV сессиясынын №1 Токтомунун 3, 6, 10-пункттарынын аткарылышына ишкананын жетекчиси тарабынан тийиштүү көңүл бурулбагандыгы белгиленсин.
  3. Нарын шаарындагы муниципалдык менчик жер аянттарына мыйзамсыз курулган курулуштарды, келишими жок тосуп алган жерлерди, соода түйүндөрүн, базардагы баш аламан соода жасаган жерлерди ирээтке келтирүүдө, муниципалдык жерлерди тактоодо, аларды каттоодон өткөрүүдө, кызыл зонага кирген курулуштар боюнча юридикалык, физикалык жактар менен иш алып барууда толук иштер аткарылбагандыгы белгиленсин.
  4. Нарын шаарындагы муниципалдык менчик объектилерди ижарага берүүдө, кварталдык комитеттердин имараттарын жылуулоодо жана борбордук мончону иштетүүдө айрым кемчиликтер кетирилгендиги көрсөтүлсүн.
  5. Берилген план тапшырмаларды аткаруу, муниципалдак жерлерди тактоо, базарлардын айланасын, соода түйүндөрүн, жер аянттарына мыйзамсыз курулган курулуштарды ирээтке келтирүү, курулган аялдамаларды, имараттарды өткөрүп алуу Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчилигинин жеке милдети деп эсептелсин жана аткарууга алсын.
  6. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу максатында муниципалдык жер аянттарына курулган курулуштардан, өз билемдикке салып тосуп алган жер аянттарынан ижара акыларын тактоо, алардан өндүрүү жагы мекеме жетекчисинине тапшырылсын.
  7. Нарын шаарындагы билим берүү мекемелеринин (мектеп, балдар бакчалар) имараттарын, кыймылсыз мүлктөрүн муниципалдык менчиктин балансасына кабыл алуу иштерин аягына чыгаруу жагы колго алынсын.
  8. Токтомдо көрсөтүлгөн кемчиликтердин негизинде ишкананын ишине баа берүү менен жыйынтык чыгаруу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын жана аткарылган иштер боюнча 2022-жылдын 1-мартына маалымат берсин.
  9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция” жана “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, ММИге, туруктуу комиссияларга.

Добавить комментарий