НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ I СЕССИЯСЫНЫН
№ 3 ТОКТОМУ
21-май 2021-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 38-беренесине, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 29-главасына ылайык “Улуу Кыргызстан“ жана “Бийлик элге” фракцияларынын сунуштарынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык Кеңешинин “Улуу Кыргызстан” фракциясынан көрсөтүлгөн депутат Ниязбеков Талантбек Замирбекович ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жалпы депутаттардын добушун алгандыктан, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайланды.
- Нарын шаардык Кеңешинин “Бийлик элге” фракциясынан көрсөтүлгөн депутат Апсалиева Айнура Ташболотовна ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жалпы депутаттардын добушун алгандыктан, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайланды
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, фракцияларга, юстиция башкармалыгына.