НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН
№ 3 ТОКТОМУ
27-январь 2022-жыл Нарын шаары
Нарын шаарында 2021-жылга карата аткарылган иштери тууралуу Нарын шаардык мэриясынын отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык Нарын шаарынын мэри Ж.Курбановдун отчетун угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын мэри Ж.Курбановдун 2021-жылга карата Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө сессияда депутаттарга берген отчету эске алынсын жана шаардык мэрия тарабынан бир катар иштер аткарылганы белгиленсин.
- Нарын шаардык Кеңешинин 5-август 2021-жылдагы кезектеги IV сессиясынын №1 токтомуна көрсөтүлгөн пункттарды жетекчиликке алуу менен иш-аракеттерди көрүү, аткаруу Нарын шаардык мэриясына жана анын тармактык бөлүмдөрүнүн башкы милдети деп эсептелсин жана аткарылган иштер боюнча маалымат берсин.
- Нарын шаарынын, мекеме-ишканалардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин “Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу жөнүндөгү” долбооруна проектилерди жазууну ишке ашыруу Нарын шаардык мэриясына, шаардык мекеме, ишканаларынын жетекчилерине жүктөлсүн .
- Нарын шаарына инвестиция тартуу аркылуу салына турган эки үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттарынын курулушунун тийешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жана курулуучу имараттардын жерин тактоо иштери Нарын облустук үй бүлөлүк медициналык борбору, Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлсүн жана аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
- Нарын шаардык турак-жай башкармасын тийешелүү мекемеге кошуу же жоюу маселесин чечүү боюнча Нарын шаарынын мэри иш алып барсын.
- Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына жана шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
- Токтомду көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин аппаратына жана шаардык мэрияга тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстицияга, шаардык мэрияга, ЦСМге, архитектурага, социалдык өнүгүү башкармалыгына;