НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ IХ СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ IХ СЕССИЯСЫНЫН

№ 4  ТОКТОМУ

 

27-январь 2022-жыл                                                                                                                                                                              Нарын шаары

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облусттары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан жүргүзүлгөн аудити жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн иш планына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы  жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги   сессиясы  токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2019-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин атарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы эске алынсын.
  2. Аудиттин жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди жоюу жана мындан ары каржы бузууларга жол бербөө жагы шаардык мэрияга, мекеме-ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн жана кетирилген кемчиликтерди ордуна келтирүүдө айрым иштердин жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                     А.Молдосалиев

 

Жөнөтүлсүн:иш кагазга, юстиция башкармалыгына, КРнын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнө, шаардык мэрияга;

Добавить комментарий