НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ X СЕССИЯСЫНЫН №4 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ 

КЕЗЕКТЕГИ  X СЕССИЯСЫНЫН

№ 4 ТОКТОМУ

 2-март 2022-жыл                                                                                                                                                                                  Нарын шаары

   

 Нарын  шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуудагы кызмат акы тарифине макулдук  берүү жөнүндө

 

         2015-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасы жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын  ортосундагы  «Нарын шаарын  суу менен жабдуу  жана канализация тутумдарын реабилитациялоо»  долбоорун  каржылоо боюнча кредиттик   (2,0 млн.евро) жана гранттык (3,2 млн.евро) макулдашууларга кол коюулган.  Кредитти төлөө мөөнөтү 2023-жылдан башталат, кредитти төлөө үчүн таза суу менен камсыз кылуу жана ыплас сууларды кабыл  алуудагы  тарифтик бааны жогорулатуу керектиги боюнча Нарын шаардык мэриясы кайрылган.

        Маселе Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, анда депутаттар таза сууга болгон тарифти көтөрүү өтө оорчундуу маселе болгондуктан, сунушталган баадан төмөнүрөөк орточо бааны коюу жагын белгилешкен жана  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессияна жалпы депутаттардын талкуусуна сунушташкан.

      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын суу — канал ишканасынын  таза сууга  болгон төлөмдөрүнүн  жаңы тарифине тиркемеге ылайык макулдук берилсин (тиркеме тиркелет) жана шаардын калкын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча натыйжалуу иш аракеттерди  күчөтүү  Нарын суу-канал ишканасына тапшырылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агенттигинин Нарын облусу боюнча бөлүмүнөн жаңы тарифтерди бекиттирүү Нарын суу-канал ишканасынын жетекчисине тапшырылсын жана тарифтин баасы бекитилгенден кийин токтом күчүнө кирсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                  А.Молдосалиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, суу-канал ишканасына, антимонополияга.

 

Тиркеме

Нарын суу –канал  ишканасынын таза суу менен камсыз кылуудагы тарифи

 

Аталышы Эски тариф

2018-жылы бекиген

Жаны тариф

 2022-жылга

Таза суу

( сом )

Ыплас суу

( сом )

Таза суу

( сом )

Ыплас суу

( сом )

  Калк учун тариф м3 7,80 7,65 12,00 7,65/12,00
1 Көп кабаттуу жана уйдун ичинен суу чыккан, канализациясы

бар тургундарга 1 адамга  бир айга

23,72 23,00 36,50 23,00
2 Үйүнүн ичинде суусу бар тургундарга

1 адамга 1 айга

( канализациясы жок )

23,72   36,50  
3 Көчөдөгү колонкадан суу алуучу тургундарга, 1 адамга 1 айга 8,30   12,80  
4 Суу өлчөөчү жабдык болсо- Водомер м3 жараша 7,80   12,00  
5 Суу өлчөөчү жабдык (Водомер) болсо + канализация 7,80 7,65 12,00 12,00
6 Бюджеттик мекелер 21,00 20,00 25,01 23,62
7 Чабалык эсептеги,коммерциялык ишканалар 23,00 23,00 26,04 23,00

                                                      

Эскертүү: Ыплас сууларды агызуу шаар тургундарына, коммерциялык, чарбалык  эсептеги ишканаларга  өзгөрүүсүз  2018-жылдын тарифи сакталат.

 

 

Жооптуу катчы                                                                                                                            А.Абдыкеримов                                     

 

Добавить комментарий