НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ X СЕССИЯСЫНЫН №5 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ 

КЕЗЕКТЕГИ X СЕССИЯСЫНЫН

5 ТОКТОМУ

 2-март 2022-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары  

 

Нарын шаарынын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын Президентинин «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Мыйзамдарынын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы мекеме, ишканалар, уюмдар, менчигинин түрүнө карабастан бардык чарба жүргүзүүчү субъекттер 2022-жылдын жаз айларынан баштап Нарын шаарынын калктуу конуштарынын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, тазалоо, кɵрктɵндүрүү максатында имараттардын фасадтарын оңдоп-түздөө, айланасын ирээтке келтирүү, жарыктандыруу, жашыл зоналарды уюштуруу жана коргоо, тазалыкты сактоо иштерин жүргүзүшсүн.
  2. Нарын шаарынын көп кабаттуу жана жеке турак үйлөрдүн, ар кандай багыттагы объекттердин, соода-түйүндөрдүн менчик ээлерине жанаша жайгашкан аймакты таза жана ирээтке келтирүү, кам көрүү иштерин колго алышсын.
  3. Нарын шаарынын аймактарындагы элдин маданиятын, ынтымагын көтөрүү, тиричилик, санитардык жана маданий-эстетикалык турмушун жогорулатуу, аймактарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, коомдук тартипти чыңдоо максатында “Мыкты чөлкөм-2022” сынагы өткөрүлсүн
  4. “Мыкты чөлкөм-2022” кароо-сынагынын Жобосун иштеп чыгуу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын, ал эми кароо-сынакты өткөрүүнү координациялоону жана жыйынтыгын чыгарууну Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынан түзүлгөн комиссия Нарын шаардык мэриясы менен бирдикте ишке ашырсын.
  5. Жогорудагы пункттарды жана токтомду аткаруу, көзөмөлдөө, мекеме, ишканаларга жеткирүү жана калк арасында жайылтуу Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, шаардык мекеме, ишканаларга.

Добавить комментарий