НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
1-апрель 2022-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык жана Нарын шаарынын экономикалык – социалдык өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон эмгектерин эске алып, “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
- Арыков Бейшеналы Абдыкеримовичке,
- Айылчиев Рахатбек Орокчуевичке,
- Ашыралиева Айнагүл Узеновнага,
- Дыйканбаева Бурулсунга,
- Дөөталиев Азимкан Көбөгөновичке,
- Кыдыралиева Анара Тойматовнага,
- Сарымсаков Баатырбекке.
- Жобого ылайык жогорудагы наам ыйгарылган жарандарга атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, наам ээлерине.