НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН 

V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XI  СЕССИЯСЫНЫН

 № 2  ТОКТОМУ

1-апрель  2022-жыл                                                                                                                                                                               Нарын шаары

 

Нарын шаардык Кеңешинин “Ардактуу атуулу” наамын берүү тартиби жөнүндө Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу” боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы, токтом кылат:

1.Нарын шаардык Кеңешинин 28-апрель 2017-жылдагы IV чакырылыштагы VIII сессиясынын №6 токтому менен бекитилген “Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү тартиби жөнүндө” Жобосуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) Жобонун аталышындагы “берүүнүн” деген сөз “ыйгаруунун” деген сөзгө алмаштырылсын;

б) Жобонун I бөлүмүнүн 1.3.-пунктундагы жана II бөлүмүнүн 2.1.-пунктундагы “өзү-өзү” башкаруу деген сөздөр “өз алдынча” деген сөздөр менен алмаштырылсын жана “шаардык” деген сөздөн мурун “облустук” деген сөз менен толукталсын;

в) Жобонун II бөлүмүнүн 2.3.-пунктундагы Жобонун 3/2 бөлүгүнө жооп берген талапкерлерди шаардык Кеңештин сессиясына сунуштайт деген сүйлөмдөн кийинки “Ардактуу атуулду шайлоо жабык жашыруун добуш менен жана депутаттардын макулдугу менен жалпы тизме менен” деген акыркы сүйлөмдөгү сөздөр алынып салынып, ““Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу” деген сөздөр менен толукталсын;

г) Жобонун II бөлүмүнүн 2.6.-пунктундагы “Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу”” наамына жылына эки жолу, 21-март Нооруз эл аралык жаз майрамына карата 7 адамга жана 31-август Кыргыз Республикасынын Көз Карандысыздык күнүнө карата 7 адамга, жалпы жылына 14” деген сөздөр алынып салынып, “бир жолу 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата 11” деген сөздөр менен алмаштырылсын жана 2.7.-пункту толугу менен алынып салынсын, ал эми 2.8.-пунктундагы акыркы абзацтагы “чогулуштарда” деген сөздөн кийин “жана башка учурларда” деген сүйлөм менен толукталып, “катары” деген сөз алынып салынсын;

д) “Ардактуу атуулу” Жобосунун III бөлүмүнүн 3.1.-пунктундагы акыркы абзацындагы  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мүчөсү” деген сүйлөм “жарандары” деген сөз менен алмаштырылсын, ушул бөлүмдүн 3.2.-пунктундагы “биринчи, экинчи, үчүнчү” абзацындагы  сүйлөмдөр толугу менен алынсын, ал эми ушул бөлүмдүн 9чу абзацындагы “өзүн” деген сөздөн кийин  “мыкты” жана “көрсөткөн” деген сөздөн “жарандарга” деген сөздөр менен толукталып,  акыркы сүйлөмдөр жана акыркы абзацындагы сүйлөмдөр  толугу менен  алынып салынсын.

е) Жобонун 3.6-пунктунун акыркы абзацындагы “Нарын шаарынын өсүп өнүгүшүнө салым кошкондор” деген сүйлөм жана 3.7.–пунктундагы “соттолбогондугу тууралуу справка” деген сүйлөм толугу менен алынып салынсын.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3.Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” Жобосуна өзгөртүү, толуктоолорду Кыргыз Республикасынын “Ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Нарын облустук юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүү Нарын шаардык Кеңешинин аппаратына жүктөлсүн.

 

 

  Төрага                                                                                                                                                                                    А.Молдосалиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, туруктуу комиссияга,  шаардык мэрияга.

 

АРДАКТУУ АТУУЛ_ЖОБО

 

Добавить комментарий