НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ II СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
28-май 2021-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүмүнө жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 32-главасынын 6-бөлүмүнө ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссияларынын курамы (тиркелет) жана туруктуу комиссиялардын төрагаларын, орун басарларын, катчыларын жана мүчөлөрүн ачык добуш аркылуу шайланган отурумдарынын протоколдору бекитилсин.
- Нарын шаардык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча”, “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура — курулуш, отун — энергетика, транспорт, экология боюнча” жана “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиялары менен биргеликте иш алып баруу жана алардын ишин координациялоо жагы төраганын орун басары Ниязбеков Талант Замирбековичке жана “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” жана “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиялары менен биргеликте иш алып баруу жана алардын ишин координациялоо төраганын орун басары Апсалиева Айнура Ташболотовнага жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык Кеңешинин аппаратына тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, фракцияларга, юстиция башкармалыгына.
Тиркеме
Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялары
1. Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы | |||
1 | Сопакунов Уланбек Моңолдорович – “Республика” фракциясынан депутат | Төрагасы | |
2 | Сталбек уулу Арсланбек – “Бийлик элге” фракциясынан депутат | Орун басары | |
3 | Токтосейитова Каухар Сүйөрбековна – “Патриот Ынтымагы” фракциясынан депутат | Катчысы | |
4 | Эсеналиев Жылдызбек Кубанычбекович – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат | мүчөсү | |
5 | Иманкулов Адилет Кайратбекович—“Ыйман Нуру” фракциясынан депутат | мүчөсү | |
6 | Шадыманов Бек Медетбекович –“Ордо” фракциясынан депутат | мүчөсү | |
7 | Асылбек уулу Эрлан – “Улуу Кыргызстан” фракциясынан депутат | мүчөсү | |
2. Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы | |||
1 | Курманалиева Нүргүл Өмүрбековна -“Ордо” фракциясынан депутат | Төрагасы | |
2 | Осмокеев Алмазбек Алымкулович – “Патриот Ынтымагы” фракциясынан депутат | Орун басары | |
3 | Акматова Айгул Мукановна – “Ыйман Нуру” фракциясынан депутат | Катчысы | |
4 | Нишарапов Нурбек Бакаевич –“Улуу Кыргызстан” фракциясынан депутат | мүчөсү | |
5 | Алымкулова Сүйүнбүбү Качкыновна — “Республика” фракциясынан депутат | мүчөсү | |
3. Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясы | |||
1 | Абдыкеримов Чынгыз Амантурович — “Ыйман Нуру” фракциясынан депутат | Төрагасы | |
2 | Токтомуш уулу Канат — «Бийлик элге” фракциясынан депутат | Орун басары | |
3 | Зайдинов Дастан Арыстанбекович -“Патриот Ынтымагы” фракциясынан депутат | Катчысы | |
4 | Жумаканов Мустафа Бейшебаевич — “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат | мүчөсү | |
5 | Бакирдинов Темирбек Женишбекович — “Республика” фракциясынан депутат | мүчөсү | |
6 | Сопакунов Оңолбек Моңолдорович -“Ордо” фракциясынан депутат | мүчөсү | |
4. Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча туруктуу комиссиясы | |||
1 | Күсөрмамбетова Ырыскүл Эмилбековна–“Улуу Кыргызстан” фракциясынан депутат | Төрагасы | |
2 | Кудайбергенова Сарылбүбү Сурабалдиевна-“Патриот Ынтымагы” фракциясынан депутат | Орун басары | |
3 | Чапкынчиев Адыл Турарбекович —“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат | Катчысы | |
4 | Исаков Талантбек Өмүрович — “Ыйман Нуру” фракциясынан депутат | мүчөсү | |
5 | Сыдыгалиев Максат Кумарбекович — Бийлик элге” фракциясынан депутат | мүчөсү | |
5. Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясы | |||
1 | Турдубек уулу Акылбек – “Бийлик элге” фракциясынан депутат | Төрагасы | |
2 | Джунусов Майрамбек Таласбекович -“Патриот Ынтымагы” фракциясынан депутат | Орун басары | |
3 | Жунусова Ырыс Орокеевна -“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат | Катчысы | |
4 | Токторалиев Алтынбек Ысмаилович — “Улуу Кыргызстан” фракциясынан депутат | мүчөсү | |
5 | Өмүрбай кызы Чолпон — “Ордо” фракциясынан депутат | мүчөсү |
Жооптуу катчы А.Абдыкеримов