НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 

V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XI  СЕССИЯСЫНЫН

 № 3  ТОКТОМУ

1-апрель 2022-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы Раззаков № 5 “а” 10 батирлүү турак-үйүнүн бир батирин жеке менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын “Турак жай” кодексинин 58-беренесинин   2-пунктунун, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктунун жана 2019-жылдын 2-июлундагы  Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы ХХIV сессиясынын №3 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикти ажыратуунун шарттары жана тартиби жөнүндө” Жобонун 13-беренесинин негизинде, Нарын шаардык мэриясынын 2022-жылдын 2-мартындагы №01-10/24-б буйругу менен түзүлгөн менчиктештирүү боюнча комиссиясынын чечимине, “Муниципалдык менчик жер, турак-жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика,  транспорт, экология боюнча” жана “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун протоколунун чечимдерине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы, токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын тургуну, жалпы оорунун II топтогу майыбы Замира Абдраевага Нарын шаарындагы Раззаков көчөсүндөгү №5 “а” турак-үйүнүн №10 батирин жеке менчикке  акысыз берүүгө макулдук берилсин.
  2. Нарын шаарындагы Раззаков көчөсүндөгү №5 “а” он батирлүү үйүнүн №10 батирин муниципалдык менчиктен жеке менчикке өткөрүп берүү иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо менен жана  “Муниципалдык менчикти ажыратуунун шарттары жана тартиби жөнүндө” Жобонун талаптарына ылайык жүргүзүү Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасына жана Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясынын алдындагы менчиктештирүү комиссиясына жана Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

  Төрага                                                                                                                                                                                    А.Молдосалиев

 

 Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга,  шаардык мэрияга, ММИге, З.Абдраевага.

Добавить комментарий