НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIII СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХIII СЕССИЯСЫНЫН

№ 2 ТОКТОМУ

17-июнь  2022-жыл                                                                                                                                                                               Нарын шаары

 

Нарын шаарынын 2022-2026-жылдарга  карата өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына  жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин негизинде Нарын шаарынын мэри Тутуев Канболот Мусаевичтин  2022-2026-жылдарга карата Нарын шаарынын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн  стратегиялык программасы алымча, кошумчасы менен тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
  2. Нарын шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасын аткарууга карата  Нарын шаардык мэриясы тарабынан  алгылыктуу иш аракеттер көрүлсүн  жана жыл сайын аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча отчеттор берилсин.
  3. С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине караштуу “Соң-Көл” кинотеатрын Нарын шаардык мэриясынын карамагына өткөрүп алуу боюнча тактоо иштерин жүргүзүү менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине кат жолдоо Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
  4. Шаардык мэрия тарабынан Нарын шаардык билим берүү жана шаардык маданият бөлүмдөрүн коопсуз имараттарга жайгаштыруу боюнча аракеттер көрүлсүн.
  5. Токтомдун аткарылышын Нарын шаардык мэриясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга.

 

НАРЫН ШААРЫНЫН 2022-2026-ЖЫЛДАРДАГЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ

Добавить комментарий