НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКСИЗ ХШ СЕССИЯСЫНЫН
№ 3 ТОКТОМУ
17-июнь 2022-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин 26-январь 2018-жылдагы IV чакырылыштагы кезектеги XIII сессиясынын № 3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык эмес кирешелер жөнүндөгү кодексинин 74-75-беренелерине ылайык Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын, Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын сунуш каттарынын негизинде жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык Кеңешинин 26-январь 2018-жылдагы IV чакырылыштагы кезектеги XIII cессиясынын №3 токтомунун биринчи, экинчи пунктундагы “Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык” деген сөздөр алынып салынып, Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” деген сөздөр менен алмаштырылсын жана ушул токтомдун №2 тиркемесиндеги таштанды төлөнүүчү тарифиндеги “бир орун”, “бир койка”, деген сан өлчөмүндөгү сөздөр “бир адам” деген сөз менен тиркемеге ылайык алмаштырылсын (тиркеме тиркелет).
- Токтомго кирген өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын “Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык Нарын облустук юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүү Нарын шаардык Кеңешинин аппаратына жүктөлсүн.
- Токтомду аткаруу боюнча иш алып баруу Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, облустук юстиция башкармалыгына, “Таза-Нарын” ишканасына, мамлекеттик салык кызматына.
Тиркеме
Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын таштандыларды ташуунун тарифи
№ |
Таштанды үчүн жыйым төлөөчүлөрдүн аталышы |
Сан өлчөмү |
2012-жыл Тариф боюнча айына алынуучу акы (сом) |
2018-жыл Тариф боюнча айына алынуучу акы (сом) |
12 (сом) | ||||
1 | Калктын саны (27000адам) | 1 адам | 8 | 12 |
2 | Дүкөндөр 20м2 (Азык түлүк) | 1м2 | 5,33 | 5,33 |
3 | Дүкөндөр 20м2 (Чарба товарлар) | 1м2 | 5,33 | 5,33 |
4 | Күркөөлөр 30 м2 | 1м2 | 1 | 2 |
5 | Коомдук тамактануучу жайлар | 1 адам | 2,66 | 5 |
6 | Жайма базарлар | 1м2 | 0 | 5 |
7 | Аптекалар | 1м2 | 1 | 3 |
8 | Чач тарачтар | 1м2 | 5,33 | 6 |
9 | Отук оңдоочу жайлар | 1м2 | 5,33 | 6 |
10 | Мончолор | 1м2 | 2,66 | 4,5 |
11 | Май куйуучу бекеттер (60 м2), | 1 м2 | 3,33 | 5 |
12 | Газ балон алмаштыруучу жайлар | 1м2 | 0 | 1 |
13 | Автобекет | 1м2 | 3,33 | 3,33 |
14 | Базарлар | 1м2 | 0,53 | 5 |
15 | Конок үйлөр | 1 адам | 4,56 | 5 |
16 | Бала бакчалар (жеке менчик) | 1 адам | 2,66 | 2,66 |
17 | Маданият үйү, китепкана | 1 адам | 1,33 | 1,33 |
18 | Мектептер (жеке менчик) | 1 окуучу | 0,66 | 0,66 |
19 | Жогорку окуу жайлар (жеке менчик) | 1 окуучу | 0 | 3,33 |
20 | Ооруканалар (мамлекеттик) | 1 адам | 2,33 | 3 |
21 | Ооруканалар (жеке менчик) | 1 адам | 0 | 5,2 |
22 | Поликлиникалар (мамлекеттик) | 1 кызматчы | 1,2 | 2 |
23 | Поликлиникалар, Лаборатория (жеке менчик) | 1 кызматчы | 0 | 5,2 |
24 | Мекеме ишканалар | 1 кызматчы | 1,46 | 3 |
25 | Банктар | 1 кызматчы | 1,46 | 5,2 |
26 | Вулканизация, Сто, Автоунаа жуучу жай, май алмаштыруучу жайлар | 1м2 | 0 | 6 |
27 | Коомдук эс алуучу жайлар (Бильярд, интернет клуб, ж.б.) | 1м2 | 0 | 5 |
28 | Телевизор, радио ж.б. ондоочу жайлар | 1м2 | 0 | 7,5 |
29 | Мал башына (майда жана бодо малга) | Мал башына | 0 | 3 |
Жооптуу катчы А.Абдыкеримов