НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 4 ТОКТОМУ
17 — июнь 2022-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык жашылдандыруу ишканасынын он штаттык бирдигин Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын карамагына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Муниципалдык ишканалар арасында милдеттерди бөлүштүрүүнү жөнгө салуу максатында Нарын шаардык жашылдандыруу ишканасынын карамагындагы көчө тазалоочу 10 (он) штаттык бирдигин Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына которууга макулдук берилсин.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 318-беренесинин жана Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын талаптарын сактоо менен штаттык бирдиктерди которуу жана жайгаштыруу иштери 2022-жылдын 1-июлуна чейин бүткөрүлсүн.
- Токтомду аткаруу Нарын шаарынын мэринин жеке көзөмөлүнө алынсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, Таза-Нарын, жашылдандыруу ишканаларына, финансы башкармалыгына.