НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIII СЕССИЯСЫНЫН №5 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХIII  СЕССИЯСЫНЫН

5 ТОКТОМУ

17–июнь 2022-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

 

Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагындагы Боогачы көчөсүндөгү көмүр-отун базасынын ижара акысы жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик  администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарынын жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча”, “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча”  туруктуу комиссияларынын жана Нарын шаардык мэриясынын сунуштарына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы Боогачы көчөсүндөгү 3000 чарчы метр жер аянтына көмүр-отун базасын уюштуруу үчүн 5 жылдык мөөнөткө убактылуу ижарага берилген жер аянтынын жылдык төлөнүүчү ижара акысынын иштебей турган жаз-жай мезгилдеринин 4 (төрт) айынан бошотууга макулдук берилсин.
  2. Ижарага берүүдөгү тиешелүү иш кагаздарын Мыйзамдарга жана ушул токтомго ылайык келтирүү жагы Нарын шаардык мэриясына жана Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, ММИге, К.Нааматовага.

 

Добавить комментарий