НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 6 ТОКТОМУ
17-июнь 2022-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык муниципалдык транспорттук ишканасынын карамагында турган троллейбусту ишкананын эсебинен чыгыштоого жана сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамынын 19-беренесине, «Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндөгү», «Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү» типтүү Жоболорго жана шаардык Кеңештин алдындагы туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык муниципалдык транспорттук ишканасынын эсебинде турган ЗИУ-682 маркасындагы 1986-жылы өндүрүштөн чыккан инв.№10 троллейбус автоунаасын муниципалдык менчиктин эсебинен чыгарууга макулдук берилсин.
- Нарын шаардык муниципалдык транспорттук ишканасы жана Нарын шаардык мэриясы автоунааны муниципалдык менчиктин эсебинен чыгаруу жана автоунааларды сатуу иштерин Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамына, Нарын шаарынын «Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө» жана «Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө» типтүү Жоболоруна ылайык жүргүзүлсүн.
- Мекеменин баланстан чыгарууда троллейбус автоунаасынын жарактуу тетиктери өндүрүшкө пайдалануу жана жараксыз тетиктерин кара металл катары сатуу жана сатуудан түшкөн акча каражатын ишкананын атайын эсебине кириштөө жагы транспорттук ишканасынын жетекчилигине жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шааардык мэриясынын биринчи вице-мэрине тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, транспорттук ишканасына.