НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН

№ 6  ТОКТОМУ

1-ноябрь 2022-жыл                                                                                                                                                                              Нарын шаары

Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын карамагында турган айрым автоунааларды ишкананын эсебинен чыгыштоого макулдук берүү жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамынын 19-беренесине, Нарын шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндөгү», «Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү» типтүү Жобосуна жана шаардык “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын эсебинде турган   1986-жылы өндүрүштөн чыккан 547 TRNB  мамлекеттик номерлүү бульдозер ДТ-75 м,   1985-жылы өндүрүштөн чыккан автогрейдер ДЗ-99, 1979-жылы өндүрүштөн чыккан 1313 TRKR мамлекеттик номерлүү трактор ЮМЗ-6   жана  2009-жылы өндүрүштөн чыккан  6493-BB мамлекеттик номерлүү МАЗ 533603 автоунааларын эскилиги жеткендигине байланыштуу муниципалдык менчиктин эсебинен чыгарууга, жарактуу тетиктерин өндүрүшкө пайдалануу жана жараксыз тетиктерин кара металл катары сатуу тиешелүү депутаттык туруктуу комиссиянын көзөмөлү астында жүргүзүлсүн.
  2. Нарын шаардык мэриясы, Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы жана Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасы автоунааларды муниципалдык менчиктин эсебинен чыгаруу жана сатуу иштерин Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамына, «Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө» жана «Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө»  типтүү Жоболорго ылайык жүргүзүшсүн.
  3. Автоунааларды сатуудан түшкөн акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебине которуп берүү жагы Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасына жана Нарын шаардык  муниципалдык  «Таза-Нарын» ишканасына жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шааардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                     А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, «Таза-Нарын» ишканасына, ММИге.

Добавить комментарий