НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН №7 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН

7 ТОКТОМУ

1-ноябрь 2022-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 9 айында ашыкча түшкөн акча каражатын бөлүү жөнүндө

    Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык, шаардык мэриянын сунуш каттарын жана шаардык Кеңештин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен төмөндөгү мекеме, ишканаларга акча каражаты бөлүнүп берилсин:

а) Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланган мекемелердин жылуулук энергиясына болгон дебитордук карызын жабууга 7 371,1 миң сом;

б) Нарын шаардык мэриясынын кызматтык “Субару” автоунаасынын негизги тетиктерин алмаштырууга жана ремонттон өткөрүүгө 50,0 миң сом;

в) Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына 10 жумушчуга кышкы, жайкы кийим жана бут кийим алууга 100,0 миң сом, электр энергиясына 300,0 миң сом, күйүүчү майга 400, 0 миң сом, запчастык тетиктерге 200,0 миң, электр товарларын алууга 300,0 миң сом;

г) Нарын шаардык С.Бекманбетов атындагы  спорт мектебинин эки имаратын камсыздандыруу үчүн 10,0 миң сом.

2.Бөлүнгөн акчаны бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                                                                                 А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  юстиция башкармалыгына, финотделге, мэрияга, жылуулук берүү ишканасына, «Таза-Нарын» ишканасына, С.Бекманбетов спорт мектебине.

Добавить комментарий