НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН №8 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН

8  ТОКТОМУ

1-ноябрь 2022-жыл                                                                                                                                                                               Нарын шаары

Нарын шаарынын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын жүрүшү боюнча Нарын шаарынын мэринин жана тармактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин маалыматтарын угуу жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык Нарын шаарынын 2022-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө Нарын шаарынын мэринин жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин маалыматтарын угуп, талкуулап шаардык Кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын мэринин жана шаардын мэриянын тармактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин сессияда берген маалыматтары эске алынсын.
  2. Нарын шаардык мэриясы жана Нарын суу-канал, “Таза-Нарын”, Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча ишканалары, Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси, Нарын электр тармактар ишканасы дебитордук, кредитордук карыздарды жоюу жана өндүрүү боюнча чараларды көрүшсүн.
  3. Нарын шаардык мэриясына жана тиешелүү шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилерине төмөнкү иштерди аткаруу жагы тапшырылсын:
  • Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн айрыкча салыктык жана салыктык эмес жыйындарды көбөйтүүгө өзгөчө көңүл буруу менен муниципалдык жерлерди, объектилерди натыйжалуу пайдалануу менен кошумча кирешелерди табуу;
  • Шаарда жайгашкан базарлардагы баш аламан токтогон автоунааларды ирээтке келтирүү максатында сатылып келген манипулятор автоунаасын тез арада иштетүү жагын көзөмөлгө алуу;
  • Нарын шаарынын калкын, жалпы мектептерин, балдар бакчаларын, мекеме, ишканаларын көмүр-отуну, жылуулук, таза суу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу, нормага ылайык жылуулук берүүгө карата зарыл болгон чараларды көрүү.
  1. Нарын шаарында элге кызмат көрсөткөн коомдук жана жеке транспорт каттамдарын белгиленген графиктин негизинде иштешин камсыз кылуу шаардык мэрияга жүктөлсүн.
  1. Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына, тиешелүү шаардык, облустук мекеме, ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                                А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  юстиция башкармалыгына, мэрияга, мэрия аркылуу тийиштүү мекеме, ишканаларга, жылуулук берүү ишканасына, ҮДТга.

Добавить комментарий