НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН №9 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХVI  СЕССИЯСЫНЫН

№ 9 ТОКТОМУ

 1-ноябрь 2022-жыл                                                                                                                                                                               Нарын шаары

     Нарын шаардык коммуналдык ишканаларынын эмгек маянасын көтөрүү жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, коммуналдык ишканалардын эмгек жамаатынын кайрылуу каттарына жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын  протоколунун чечиминин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы “Таза-Нарын”, “Жашылдандыруу” муниципалдык, Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасынын жалпы эмгек жамааттарынын негизги эмгек маяналары 40  пайыз өлчөмгө көтөрүлсүн.
  2. Коммуналдык ишканалардын эмгек маянасынын көбөйтүлгөн өлчөмү Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 9 айында ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 4405,18 миң сом каралсын жана  көтөрүлгөн эмгек акыларын төлөө 2022-жылдын 1-октябрынан тартып эсептелип берилсин.
  3. Коммуналдык ишканалардын көбөйгөн эмгек акыларын тез арада эсептеп чыгуу ишканалардын жетекчилерине жана башкы эсепчилерине жүктөлсүн.
  4. Ишканалардын көтөрүлгөн эмгек акыларын төлөп берүү жагы Нарын шаардык мэриясына жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.
  5. Ишканалардын жетекчилери айлык маяналарды жана төлөнүүчү үстөк акыларды эсептөөдө иштин татаалдыгы, сапаты, ай сайын иштеген иштин жыйынтыгы жана ченемге салынбаган иштин режимдерин эске алуу менен төлөө жагын карашсын.

 

                                                                                                                                             

       Төрага                                                                                                                                                                               А.Молдосалиев

 

 

   Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  юстицияга, мэрияга, финотделге, ММИге, Таза-Нарынга, жашылдандырууга .

Добавить комментарий