НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ IV СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
5-август 2021-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын 2022-2024-жылдардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планынын долбоорун бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин” 95-беренесинин 2-пунктуна жана Мыйзамдарына ылайык жана Нарын шаардык мэриясынын, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин Нарын башкармалыгынын сунуштарын эске алып Нарын шаардык Кеңеши токтом кылат:
- Нарын шаарынын 2022-2024-жылдардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планынын долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
- Токтомду аткаруу жана 2022-2024-жылдардын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн планынын долбооруна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жагы Нарын шаардык мэриясына, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, НШМга, облустук юстиция башкармалыгына, КРнын экиномика жана финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына
Нарын шаарынын 2022-2024-жылдардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планынын долбоору