НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХVIII СЕССИЯСЫНЫН

№ 5 ТОКТОМУ

23-декабрь 2022-жыл                                                                                                                                                                        Нарын шаары

 

Нарын шаарынын “Эл сыймыгы” наамын Ата Мекендик согуштун ардагери Т.Токтомушевге ыйгаруу жөнүндө

            Нарын шаарынын “Эл сыймыгы” наамын берүү тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын  чечимине жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы  токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын “Эл сыймыгы” наамы Ата Мекендик согуштун ардагери Т.Токтомушевге ыйгарылсын.
  2. Жобого ылайык Ата Мекендик согуштун ардагери Т.Токтомушевге атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын “Эл сыймыгы” төш белгиси жана күбөлүгү, лентасы тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                 А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  юстиция башкармалыгына, наам ээсине;

Добавить комментарий