НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫНЫН № 8 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ XVIII  СЕССИЯСЫНЫН

№ 8 ТОКТОМУ

 23-декабрь  2022-жыл                                                                                                                                                                        Нарын шаары

 

2023-жылга карата Кыргыз Республикасынын үлүштүк  (дем берүүчү) гранттардын каржылоосуна Нарын шаарынан сунушталган долбоорлорго жергиликтүү бюджеттин каражатынан өздүк салым бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексине”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына жана Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына, “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык  Кеңешинин  сессиясы токтом кылат:

  1. 2023-жылга карата Кыргыз Республикасынын үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын каржылоосуна сунушталган төмөндөгү долбоорлорго жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен өздүк салым катары 3 893 939 (үч миллион сегиз жүз токсон үч миң тогуз жүз отуз тогуз) сом бөлүүгө макулдук берилсин:

а) Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов атындагы орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү – 4 796 558 сом, мунун ичинен өздүк салым 960 000 сом,

б) РТС аймагындагы «Мазар-Булак» скверин реконструкциялоо – 3 100 450, мунун ичинен өздүк салым 621 700 сом,

в) 64-аймагындагы түштүк тарабындагы «Шаркыратма» көпүрөсүнөн троллейбустун линиясына чейинки тротуарды капиталдык ремонттон өткөрүү – 4 249 223, мунун ичинен өздүк салым 850 839 сом,

г) «Шаркыратма» көпүрөсүнөн Ж.Турдубаев көчөсүнө чейинки түштүк тараптагы тротуарды капиталдык ремонттон өткөрүү – 3 876 499 сом, мунун ичинен өздүк салым 775 700 сом,

д) Ленин көчөсү менен райондук оорукананын кесилишинен Ленин №178 үйүнө чейинки тротуарды капиталдык ремонттон өткөрүү – 2 878 079 сом, мунун ичинен өздүк салым 576 700 сом,

е) Ленин №244 үйүнүн жанындагы аялдаманы реконструкциялоо – 231 635 сом, мунун ичинен өздүк салым 46 500 сом,

ж) Ленин №125 үйүнүн жанындагы аялдаманы реконструкциялоо – 311 935 сом, мунун ичинен өздүк салым 62 500 сом.

  1. Бул токтом Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

 Төрага                                                                                                                                                                              А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,   шаардык мэрияга, юстиция  башкармалыгына, финотделге, КРнын финансы министрлигине.

Добавить комментарий