НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 9 ТОКТОМУ
23-декабрь 2022-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын калкын жылуулук менен камсыздоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык, “Фейсбук” социалдык түйүнү аркылуу көп кабаттуу турак үйлөрдүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Нарын шаарынын мэринин маалыматын угуп, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы айрым көп кабаттуу турак үйлөрдү жана башка керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыздоо иштери “Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси” филиалы тарабынан өз деңгээлинде жүргүзүлбөй жаткандыгы белгиленсин.
- Нарын шаарынын калкын кыш мезгилинде жылуулук менен камсыздоодо элден нааразычылыктар түшүп, маселе социалдык түйүндөргө чейин чыгып, терс талкууларды жараткандыгы үчүн “Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси” филиалынын директору У.Ж.Айтиевге чара көрүү жагы Нарын шаарынын мэрине тапшырылсын.
- Нарын шаарынын калкын, жалпы орто мектептерин, балдар бакчаларын, мекеме, ишканаларын, ооруканаларын, үй бүлөлүк дарыгерлер топторун кыш мезгилинде толук кандуу иштөөсүнө шарттарды түзүү, көмүр-отуну менен камсыз кылуу жана нормага ылайык, үзгүлтүксүз жылуулук берүүгө карата зарыл болгон чараларды көрүү боюнча Нарын шаардык мэриясы, “Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” филиалы, Нарын шаардык билим берүү бөлүмү, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору айрыкча көңүл бурушсун.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, ЦСМге, билим берүү бөлүмүнө, жылуулук берүү ишканасына.