НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

КЕЗЕКТЕГИ  XX СЕССИЯСЫНЫН

№ 1 ТОКТОМУ

 

14-март  2023-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

 

Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө

              Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүүдө «Кыргыз  Республикасынын  Бюджеттик кодексинин» жана   Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алынып,  Нарын шаардык  Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
  2. Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдардан Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын буйруктары менен берилген 27441,1 миң сом акча каражаты бекитилсин.
  3. Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген резервдик фонд Нарын шаардык мэриясынын буйругу менен берилген  1620,7 миң сом акча каражаты бекитилсин.
  4. Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин атайын каражатынын планына Кырыз Республикасынын финансы министрлигинен кошумча берилген 4000,0 миң сом такталган планы бекитилсин
  5. Токтомду аткаруу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансыбашкармалыгына  (Ж.Урустемов) тапшырылсын.

 

        

Төрага                                                                                                                                                                                     А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, КРнын финансы министрлигине, Нарын финансы башкармалыгына, облустук юстиция башкармалыгына.

 

Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү

Добавить комментарий