НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН №2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН  V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ   

КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН

№ 2  ТОКТОМУ

14-март  2023-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

 

Нарын шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджети жана 2024-2025- жылдарга болжолу жөнүндө

     Нарын шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана 2024-2025-жылдардын болжолу жөнүндө  «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга Республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдардын болжолу жөнүндө», «Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик Кодекси» жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып  Нарын шаардык  Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.Нарын шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү  бюджетинин көлөмү кирешелер боюнча 214541,0 мин сом мунун ичинен салык жыйымдары 188498,0 миң сом жана салык эмес жыйымдары 26043,0 миң сом өлчөмүндө жана 2024-жылдын долбоору 255262,0миң сомго, 2025-жылдын долбоору  264820,0 миң сомго  бекитилсин (1,2-тиркемелер тиркелет).

2.Чыгашалар бөлүгү боюнча  214541,0 мин сомго аныкталып, анын ичинен билим берүү тармагына 45319,0 миң сом,  маданият  жана спорт тармагына 19541,0 миң сом,  мамлекеттик жарандык   жана муниципалдык кызмат тармагына 39263,0 миң сом, турак жай жана коммуналдык кызмат тармагына 85944,0 миң сом, социалдык жеңилдиктерге 1000,0 миң сом жана  башка категорияга кирбеген экономикалык маселелерге 23474,0 миң сом  өлчөмүндө бекитилсин  (3-тиркеме тиркелет).

3.Нарын шаардык билим берүү тармагына келишим менен Нарын шаарындагы №4 “Наристе” бала бакчасына кошумча 1 (бир) кароолчу штаттык бирдигине 153,9 миң сом, №15 “Бактылуу-Балалык” бала бакчасына кошумча 1 (бир) ашпозчу штаттык бирдигине 333,5 миң сом, №16 “Ыйман” бала бакчасына кошумча 1 (бир) ашпозчу штаттык бирдигине 333,5миң сом жана №18 “Ак-Дил” бала бакчасына кошумча 1(бир)  жумушчу штаттык бирдигине 161,8 миң сом  каралсын жана келишим түзүү, көзөмөл жүргүзүү жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.

4.Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жана Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин негизги эмгек акылары жана кошумча үстөк тиркемеге ылайык бекитилсин (4-тиркеме тиркелет).

5.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 токтомунун 4-пунктуна ылайык Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин техникалык тейлеп иштеген кызматкерлеринин эмгек акысына бекитилген штаттык бирдикке ылайык 25% чейин кошумча үстөк кошулуп берилсин.

6.Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын, Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасына жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлири эмгек өргүүсүнө чыкканда дарылоо үчүн 1 (бир) айлык акы акча каражаты  кошулуп берилсин.

7.Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын директордун орун басары, оператор, бухгалтер-кассир, аймак башчылары жана аймак катчыларынын айлык акылары ишкананын атайын каражатынан чогулган акча каражаттын эсебинен бекитилген штаттык бирдикке ылайык төлөнүп берилсин.

8. Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин жол киресине мекеменин ар кандай чыгымдар беренесине каралган акча каражаттын эсебинен 50,0 миң сом төлөнүп берилсин.

9.Нарын шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин экономикалык маселелерге каралган акча каражаттын эсебинен жана 2023-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен 5-тиркеме ылайык акча каражаттары  бөлүнүп берилсин (5-тиркеме тиркелет).

10.Нарын шаардык муниципалдык транспорттук ишканасы Нарын шаарындагы 1-4- класстын окуучуларын бекер жүрүүсүнө Нарын шаардык билим берүү бөлүмү менен түзүлгөн акт-сверканын негизинде экономикалык чыгымдарга каралган акча каражатынын эсебинен каржылансын жана каржылоо жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына  тапшырылсын.

11.Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме ишканалардын штаттык бирдиктери жана чыгаша сметасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунушу менен мыйзамдарга ылайык бекитилсин.

  12.Нарын шаарынын муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысынан түшүүчү    7500,0  миң  сом  акча каражатын толук чогултуу Нарын шаардык  муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын  директорунун  персоналдык милдети деп белгиленсин.

13.Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаардык салык кызматы аркылуу жергиликтүү бюджетке түшүүчү 188498,0 миң сом каражатты бюджетке түшүрүү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматынын начальнигинин  персоналдык милдети деп белгиленсин.

14.Нарын шаарынын муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын атайын каражатына чогулуучу 5500,0 миң сомду чогултуу Нарын шаарынын муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын директорунун  персоналдык милдети деп белгиленсин.

 

15.Нарын шаардык мэриясына «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 24-беренесине  ылайык жергиликтүү бюджеттин  чыгашаларына  2000,0 миң сом резервдик фонд түзүлсүн.

16.Бул токтом менен бекитилген Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматына ,  Нарын шаардык  муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына, Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына  жана шаардык мекеме жетекчилери тарабынан кыйшаюсуз аткаруу жагы милдеттендирилсин.

17.Нарын шаарынын 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жана 2024-2025-жылдардын план-долбооруна катуу көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаарынын мэрине  жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына  тапшырылсын.

     

 

Төрага                                                                                                                                                                                   А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш  кагазга  КРнын  финансы    министрлигине,  шаардык мэрияга,  Нарын  финансы башкармалыгына, салык кызматына, “Таза-Нарын”, “Жашылдандыруу”, ММБКК муниципалдык ишканаларына, билим берүү бөлүмүнө, муниципалдык  транспорт ишканасына.

 

1-ТИРКЕМЕ_2023-ЖЫЛДЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТИНИН КИРЕШЕ БӨЛҮГҮНҮН ПЛАНЫ

2-ТИРКЕМЕ_2024-2025-ЖЖ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН КИРЕШЕ БӨЛҮГҮНҮН ПЛАНЫНЫН ДОЛБООРУ

3-ТИРКЕМЕ_ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН 2023-ЖЫЛГА ЧЫГАША БӨЛҮГҮНҮН ПЛАНЫ

4-ТИРКЕМЕ_КОММУНАЛДЫК ЖАНА МУНИЦ-ДЫК ИШКАНАЛАРДЫН НЕГИЗГИ ЭМГЕК АКЫЛАРЫ

5-ТИРКЕМЕ_ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН ЭКОНОМИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕРДЕН ЖАНА КАЛДЫКТАН БӨЛҮНГӨН АКЧА КАРАЖАТТАР

Добавить комментарий