НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН

№ 3 ТОКТОМУ

14-март  2023-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

 

Нарын шаарынын ички каттамдарын тейлеген «Нарынжолтранс» жоопкерчилиги чектелген коомунун жүргүнчүлөр үчүн жол киресин көтөрүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаарынын аймактарында өткөрүлгөн коомдук угуулардын протоколунун негизинде, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын биргелешкен отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын ички каттамдары тейлеген «Нарынжолтранс» жоопкерчилиги чектелген коомунун жалпы жүргүнчүлөр үчүн жол киресин 2023-жылдын 1-апрелинен баштап 10 сомго бекитүүгө макулдук берилсин.
  2. Нарын шаарынын калкын тейлөөдө транспорт каттамдарынын пландык чыгууларын, кыймыл аралыгын, иштөө графигин, ошондой эле жүргүнчүлөрдү маданияттуу тейлөөдө ташуу эрежерлерин сактоо жана унаалардын санитардык жактан тазалыгын, техникалык абалынын сакталышын такай көзөмөлдөө жагы «Нарынжолтранс» жоопкерчилиги чектелген коомунун директоруна милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар толук аткарылбаган учурда токтом күчүн жоготту деп табылсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                     А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: Нарын шаардык мэриясына, «Нарынжолтранс» ЖЧКсына, Нарын облустук юстиция башкармалыгына.

 

 

Добавить комментарий