НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН

4 ТОКТОМУ

 

14- март  2023-жыл                                                                                                                                                                              Нарын шаары

 

Нарын шаарынын Ленин көчөсү №182 б дарегинде жайгашкан жеке менчик   4200 чарчы метр жер аянтын П-1 зонасынан Ц-2 зонасына которууга макулдук берүү жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына, “Нарын шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелерине” ылайык, Нарын шаардык мэриясынын катынын, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечиминин  негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.Нарын шаарынын Ленин көчөсү №182 дарегинде жайгашкан 4200 чарчы метр жер аянтын П-1 (өнөр жай жана өндүрүш ишканаларынын) зонасынан  Ц-2 (жергиликтүү маанидеги калкты тейлөө жана коммерциялык иш борборунун) зонасына которууга макулдук берилсин.

2. Нарын шарынын калкын максаттуу тейлөөдө “Эс алуу борборунун” курулушунун тиешелүү документтерин, иш кагаздарын мыйзам чегинде бүткөрүү жеке менчик жер ээсине жүктөлсүн жана башка курулуш курууга жол берилбесин.

3.“Эс алуу борбору” ишке киргизилген кундөн тартып Нарын шаарынын айрым категориядагы жарандарына (ден соолугунун мүмкүнчүлугү чектелгендер, ардагерлер, баатыр энелер, пенсионерлер, көп балалуу үй бүлөлөр ж.б.) жеңилдиктер каралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясына жана Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                     А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, ММИге, жеке ишкер К.Көбөнбаевге, архитектурага.

 

 

Добавить комментарий