НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХX СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ        

КЕЗЕКТЕГИ   ХX СЕССИЯСЫНЫН

5 ТОКТОМУ

14-март 2023-жыл                                                                                                                                                                                 Нарын шаары

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик  чек ара кызматынын улук сержанты Нурсултан Жаныбековдун ысымын Нарын шаарындагы РТС аймагындагы Мазар-Булак бакчасына ыйгаруу жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин негизинде, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу  боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын улук сержанты Баткендеги куралдуу кагылышууда каза болгон Жаныбеков Нурсултан Таалайбековичтин ысымын Нарын шаарындагы, РТС аймагындагы Мазар-Булак бакчасына ыйгарууда жалпы депутаттардын колдоосуна бир добуштан ээ болгондуктан, мындан ары «Мазар-Булак» бакчасы «Нурсултан Жаныбеков» атындагы бакча деп аталсын.
  2. Бакчанын инфраструктурасын жакшыртууга, ичин жасалгалоого, жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө, жарыктандырууга жана башка оңдоп түздөө, жасоо иштери, ошондой эле бакчанын аталышы жазылган тактаны илүү жагы Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                    А.Молдосалиев                                                                                                                    

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга,  Н.Жаныбековдун  үй бүлөсүнө, юстиция башкармалыгына;

 

Добавить комментарий