НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXI СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

 КЕЗЕКСИЗ  XXI СЕССИЯСЫНЫН

1  ТОКТОМУ

4-апрель 2023-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

 

Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтунун алдындагы тажрыйба станциясына караштуу жер аянтын муниципалдык менчиктин балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарынын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 30-мартындагы №01-17/932, Нарын шаардык мэриясынын 2023-жылдын   3-апрелиндеги №01-17/1116 каттарына ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз XXI сессиясынын отуруму токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын административдик чегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин карамагындагы Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтунун алдындагы тажрыйба станциясына караштуу жалпы 31,09 га (шаардын чыгыш тарабынын РТС аймагындагы 3,94 га, батыш тарабынын Интернат аймагындагы 27,15 га) жер аянтын белгиленген тартипте муниципалдык менчиктин балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
  2. Муниципалдык менчиктин балансына кабыл алуу иштерин жүргүзүү, жер аянтынын ордун чектеп, мыйзам чегинде тиешелүү документтерин, иш кагаздарын бүткөрүү Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына, Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Нарын филиалына жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссияга, аткаруу жагы Нарын шаарынын мэринин биринчи орун басарына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  юстиция башкармалыгына, туруктуу комиссияга, мэрияга, ММИге, архитектурага, Кадастрга.

Добавить комментарий