НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

 КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН

 № 1 ТОКТОМУ

 

29-август 2023-жыл                                                                                                                                                                              Нарын шаары

 

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын киреше бөлүгүнө кошумча план бекитүү жөнүндө

           Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын сунушунун негизинде,  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун  чечимине ылайык, Нарын шаардык Кенешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 8625,0 миң сом   планына кошумча бекитилсин.
  2. Нарын шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетине кошумча планды бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен суралсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөгө “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына жана Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Нарын облусунун юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, КРнын финансы министрлигине, Нарын финансы башкармалыгына.

Добавить комментарий