НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКСИЗ ХХХ СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
8-январь 2024-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын башкы планындагы “борбордук аянт” деп көрсөтүлгөн жерге толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 18-беренесинин, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарынын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин негизинде, Нарын облустук прокуратурасынын, Нарын шаардык мэриясынын сунуш каттарына, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, башкы планга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы жөнүндө Нарын шаарынын мэринин биринчи орун басары Р.Орозбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
- 2021-жылдын 21-декабрындагы Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги VIII сессиясынын “Нарын шаарынын башкы планын бекитүү жөнүндө” №3 токтому менен кабыл алынган Нарын шаарынын башкы планындагы “борбордук аянт” деп көрсөтүлгөн жери, “Нарын облустук прокуратурасы, “Ата Түрк” балдар бакчасы, Нарын шаардык Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектеби” деген сөздөр менен толукталсын.
- Токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн толуктоолорду Нарын шаарынын башкы планына киргизүү Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына, ал эми Нарын шаарынын толукталган башкы планы менен иш алып баруу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышы “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, архитектурага, мамлекеттик долбоорлоо институтуна, облустук, шаардык прокуратураларына, искусство мектебине, Ата-Түрк балдар бакчасына.