НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXII СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКСИЗ  XXXII СЕССИЯСЫНЫН

1  ТОКТОМУ

15-март 2024-жыл                                                                                                                                                                                 Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы академик Ү.Асанов атындагы Нарын облустук лицей-жатак мектебине караштуу  жер аянтын муниципалдык менчиктин балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

              Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы №15 тескемесинин, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин негизинде,  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 10-августундагы №11-2/7294, Нарын шаардык мэриясынын 2024-жылдын 28-февралындагы №01-15/52 каттарына, “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык,  Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын Ленин көчөсү №288 дарегинде жайгашкан академик Ү.Асанов атындагы Нарын облустук лицей-жатак мектебине караштуу 3,0 га жер аянтын белгиленген тартипте муниципалдык менчиктин балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
  2. Муниципалдык менчиктин балансына кабыл алуу иштерин жүргүзүү, жер аянтынын ордун чектеп, мыйзам чегинде тиешелүү документтерин, иш кагаздарын бүткөрүү Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына, Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына, КРнын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Нарын филиалына жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясына, аткаруу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  юстиция башкармалыгына, мэрияга, билим берүү министрлигине, ММИге, архитектурага, жер ресурстары филиалына.

Добавить комментарий