НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ 

КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫНЫН 

  №1 ТОКТОМУ

 

30-апрель 2024-жыл                                                                                                                                                 Нарын шаары

 

Нарын райондук прокуратурасынын административдик имаратын курууга  жер тилкесин бөлүп берүүгө   макулдук берүү жөнүндө

 

              Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин негизинде,  Нарын облустук прокуратурасынын кепилдик катына, Нарын шаардык мэриясынын 2024-жылдын 29-апрелиндеги  №01-15/74 сунуш катына, “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык,  Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын РТС чөлкөмүндөгү А.Молдоев көчөсүнүн түндүк тарабынан идентификациялык коду 4-05-01-0001-2310 жер аянтынан 998,8 чарчы метр жерин бөлүп берүүгө жана Нарын райондук прокуратурасынын административдик имаратын курууга  макулдук берилсин.
  2.  Идентификациялык коду боюнча бөлүнгөн жер тилкесинин  ордун тактап,  чектеп, бөлүп берүү боюнча мыйзам чегинде тиешелүү документтерин, иш кагаздарын бүткөрүү Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына, Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.
  3. Нарын райондук прокуратурасынын административдик имараты курулуп бүткөрүлгөндөн кийин, мурдагы пайдалануудагы Нарын шаарынын   Жамгырчы уулу Абас көчөсү  11  дарегинде жайгашкан  идентификациялык номери 4-05-02-0001-0929, 446,0 чарчы метр жер тилкеси   Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын  карамагына  алынсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жана аткаруу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

 

 Төраганын орун басары                                                                                                                                            А.Черикчиев    

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, облустук прокуратурага, юстиция башкармалыгына;

 

 

 

 

 

Добавить комментарий