НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXVIII СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ 

КЕЗЕКСИЗ  XXXVIII СЕССИЯСЫНЫН 

                №1 ТОКТОМУ

5-сентябрь 2024-жыл                                                                                                                                                      Нарын ш

 

Бюджеттик ссуда алууга  макулдук берүү  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин” 57-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана  Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына ылайык,  Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаардык мэриясы “Нарын-Реновация” долбоорун ишке ашыруу үчүн 67 000 000 (алтымыш жети миллион) сом акча каражатын республикалык бюджеттен бюджеттик ссуда катары алууга, бюджеттик ссуданы Нарын шаардык мэриясы тарабынан панорамалык аттракционду иштетүү кирешесинен түшкөн акча каражатынын эсебинен төлөөгө, эгер Нарын шаардык мэриясы бюджеттик ссуданы мөөнөтүндө төлөй албай калган шартта “Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фонду” мекемеси  тарабынан  төлөп берүү шарты менен  макулдук берилсин.

 

  1. Бюджеттик ссуда катары алынган 67 000 000 (алтымыш жети миллион) сом акча каражаттын эсебинен 47 000 000 (кырк жети миллион) сом акча каражатына панорамалык аттракцион (колесо обозрения) курууга, ал эми 20 000 000 (жыйырма миллион) сом акча каражатын “Нарын-Реновация” долбоорунда камтылган баардык долбоорлорго проекттик-сметалык иш-кагаздарын жазатуу (инновациялык креативдүү демилгелер борборун куруу, панорамалык аттракцион орнотуу, айнек асма көпүрө куруу, Нарын шаарынын борбордук көчөсүнүн боюндагы көп батирлүү үйлөрдүн, турак жана турак эмес жайлардын сырткы көрүнүшүн ондоо долбоорлорунун проектик-сметалык иш кагаздарын жасатуу) жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                 А.Молдосалиев  

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,   шаардык мэрияга, Нарын облустук “Тенир-Тоо” өнүктүрүү фондуна, КР Финансы министрлигине, Нарын облустук юстиция башкармалыгына.

Добавить комментарий