НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХХI СЕССИЯСЫНЫН №4 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХХХI  СЕССИЯСЫНЫН

4 ТОКТОМУ

     2-март 2024-жыл                                                                                                                                                                          Нарын шаары

 

“Нарын футбол клубу” муниципалдык мекемесин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын 2023-жылдын 7-декабрындагы №01-17/4143 кайрылуусун карап чыгып, Нарын шаардык мэриясынын Уставынын 3.7-пуктунун негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” жана “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссияларынын отурумдарынын протоколдорунун негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Нарын футбол клубу” муниципалдык мекемесин түзүүгө макулдук берилсин.
  2. “Нарын футбол клубу” муниципалдык мекемесин катоодон өткөрүү, иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келтирүү, Уставда каралган иштерди жүзөгө ашыруу Нарын шаардык мэриясына, “Нарын футбол клубу” муниципалдык мекемесине тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышы Нарын шаардык мэриясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                   А. Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, “Нарын футбол клубу” муниципалдык мекемесине.

 

Добавить комментарий