НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХХIХ СЕССИЯСЫНЫН № 10 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

 КЕЗЕКТЕГИ ХХХIХ СЕССИЯСЫНЫН

 № 10 ТОКТОМУ

 

12-сентябрь   2024-жыл                                                                                                                                        Нарын шаары

 

       Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Калдыктар” беренесинен  акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”,”Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын сунушунун негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы  токтом кылат:

 

  1. 2024-жылдын 1-сентябрына карата Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Калдыктар” беренесинин эсебинен Нарын шаардык Кеңешинин шайлоосун уюштуруп, өткөрүүгө 100,0миң (бир жүз миң) сом, Кирпич завод участкасына  ипотекалык турак жай салууга жер тилкесине топографиялык ченек  жүргүзүүгө жана чийме бүтүмдөрүн даярдоого 100,0 миң (бир жүз миң) сом, Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасына жарыктандыруу каражаттарын алууга (плафон, светильник, лампочка, ж.б) алууга 150,0 миң (бир жүз элүү миң) сом, жалпысы 350,0 миң (үч жүз элүү миң) сом өлчөмүндөгү   акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Нарын шаардык мэриясынын буйругунун негизинде бөлүнгөн акча каражатын каржылоо Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                         А.Молдосалиев

___________________________________________________________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Нарын регионалдык финансы башкармалыгына, шаардык мэрияга; юстиция башкармалыгына;

 

Добавить комментарий