НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХХVI СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
14-июнь 2024-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Калдыктар” беренесинен акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, ”Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын 1-июнуна карата “калдыктар” беренесинен РТС аймагына веложол салууга 5 022461 (беш миллион жыйырма эки миң төрт жүз алтымыш бир миң) сом, жаштар “Сейил Багынын” күн батыш тарабындагы жаңы уюштурулган балдар ойноочу аянтчасына 659107 (алты жүз элүү тогуз миң жүз жети)сом, Нарын дарыясынын жээгинин түштүк тарабын көрктөндүрүү долбоору64, Шаркыратмага 2 122 583( эки миллион жүз жыйырма эки миң беш жүз сексен үч)сом, О.Токтосунова жана С.Орозбак көчөлөрүндө 2023-жылы уюштурулган аллеянын айланасын тосуп, жарыктандырууга чарба –курулуш, электро товарларын алууга 219 370 (эки жүз он тогуз миң үч жүз жетимиш ) сом, Нарын шаарынын ички жолдорунун чункурларын (ямочный) оңдоого 920 000 (тогуз жүз жыйырма миң) сом, РТС аймагындагы таштанды басып калган жерди көрктөндүрүүдө жана жарыктандырууда курулуш жана электр товарларын алууга 403 280 (төрт жүз үч миң эки жүз сексен) сом, “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасына катуу тиричилик калдыктарын таштоочу жайларга видеобайкоо жүргүзүп туруу үчүн 10 даана видеокөзөмөл тутумун орнотууга жана абоненттик төлөмдөрүн төлөп ишке киргизүүгө 200 720 (Эки жүз миң жети жүз жыйырма)сом, Финансы кредиттик фонддун кредиттеринин калдыктарын төлөөгө 7 731 987 (жети миллион жети жүз отуз бир миң тогуз жүз сексен жети) сом,электробустарды заряддоочу станцияларды орнотууга, электр шаймандарын алуу үчүн 100,0миң (жүз миң)сом,Нарын шаарынын башкы планына кирген өзгөртүү үчүн долбоорго 157041 (жүз элүү жети миң кырк бир) сом, Нарын шаарынын көчөлөрүнө орнотулган видеокөзөмөлдөргө 110,0миң (жүз он миң) сом , Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасына шаймандарды алууга 500,0миң (беш жүз миң) сом, дары дармектерге 50,0 миң (элүү миң) сом, Нарын шаарындагы Московский чөлкөмүнүн Зоярко көчөсүнө балдар аянтчасын курууга, Ак-Коргон аймагындагы М.Рыскулов көчөсүнө воркаут орнотууга, Ленин №79 үйүнүн алдына воркаут орнотууга, Городок аймагындагы Бейкут Алмаз уулу атындагы скверге воркаут орнотууга, О.Токтосунова көчөсүндөгү №31 көп кабаттуу үйүнүн алдына воркаут орнотууга, РТС чөлкөмүндөгү “Алга” скверине воркаут орнотууга жалпысы 3,0млн (үч миллион) сом, жалпы 21 196549 (жыйырма бир миллион бир жүз токсон алты миң беш жүз кырк тогуз ) сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилсин:
- Нарын шаардык мэриясынын буйругунун негизинде бөлүнгөн акча каражатын каржылоо Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Нарын регионалдык финансы башкармалыгына, шаардык мэрияга; юстиция башкармалыгына;