НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХХVII СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

 КЕЗЕКТЕГИ ХХХVII СЕССИЯСЫНЫН

 № 3 ТОКТОМУ

 

15-август  2024-жыл                                                                                                                           Нарын шаары

 

       Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Калдыктар” беренесинен  акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, ”Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын сунушунун негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы  токтом кылат:

 

  1. Нарын шаарына 6 (алты) даана троллейбусту Бишкек шаарынан  алып келүү үчүн 2024-жылдын 1-августуна карата Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Калдыктар” беренесинин эсебинен  340,0миң (үч жүз кырк миң)  сом өлчөмүндөгү   акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Нарын шаардык мэриясынын буйругунун негизинде бөлүнгөн акча каражатын каржылоо Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                    А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Нарын регионалдык финансы башкармалыгына, шаардык мэрияга; юстиция башкармалыгына;

Добавить комментарий