НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХХVII СЕССИЯСЫНЫН №4 ТОКТОМУ

НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН  V  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ      КЕЗЕКТЕГИ

ХХХVII   СЕССИЯСЫНЫН

№4  ТОКТОМУ

  15-август   2024-жыл                                                                                                                                           Нарын шаары

 

Нарын шаардык Кеңешинин 14-июнь 2024-жылдагы   V  чакырылыштагы  XXXVI сессиясынын № 1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, ”Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын  негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы  токтом кылат:

 

  1. Нарын шаардык Кеңешинин 14-июнь 2024-жылдагы   V  чакырылыштагы  XXXVI сессиясынын №1 токтомунун 1-пунктундагы Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын 1-июнуна карата  “Калдыктар” беренесинен   “Нарын шаарынын ички жолдорунун чункурларын (ямочный) оңдоого 920 000 (тогуз жүз жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин” — деген сүйлөм өзгөртүлүп,  Карга-Жайлоо  полигонун тосууга 900 000 (тогуз жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин деген сүйлөм менен  алмаштырылсын.
  2. Нарын шаардык мэриясынын буйругунун негизинде бөлүнгөн акча каражатын каржылоо Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                        А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Нарын регионалдык финансы башкармалыгына, шаардык мэрияга; юстиция башкармалыгына;

Добавить комментарий